Ташкенттеги Food City базарында Кыргызстандын соода павильону ачылат

Ташкенттеги Food City базарында Кыргызстандын соода павильону ачылат

15-майда Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын FOODSTUFFS SELL компаниясы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Документке ылайык, Өзбекстандагы эң ири соода-логистикалык комплекстердин бири болгон Food City базарынын аймагында Кыргызстандын Соода павильону ачылат.

Маалыматка ылайык, бул долбоор кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана ата мекендик продукцияны Өзбекстандын рыногуна чыгарууга багытталган.

Соода павильонунда Кыргызстандын тамак-аш тармагындагы өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын туруктуу көргөзмөсү уюштурулат. Анда айыл чарба, кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайына тиешелүү экологиялык таза жана атаандаштыкка жөндөмдүү товарлар сунушталат.

Долбоордун алкагында кыргыз өндүрүүчүлөрү менен өзбек дистрибьюторлорунун ортосунда түз байланыштарды түзүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана улуттук продукцияны тышкы рынокко системалуу түрдө чыгаруу көздөлүүдө.

Кыргызстандын Соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, Food City аймагында павильондун ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Өзбекстан рыногундагы позициясын бекемдөөгө жардам берет.

“Биз кыргыз продукциясын илгерилетүүнүн туруктуу каналын түзүп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт жаратып жатабыз”, — деди ал.

Тараптар бул долбоор эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүүгө жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media