Ысык-Ата районунун өз алдынча башкаруу органдарында 51 млн сомдон ашык мыйзам бузуу болгон

Ысык-Ата районунун өз алдынча башкаруу органдарында 51 млн сомдон ашык мыйзам бузуу болгон

КРнын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, 2024-жыл үчүн жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы 51,1 млн сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуу жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинен 13,5 млн сомду калыбына келтирүү талап кылынса, аудит маалында 8,3 млн сом өндүрүлгөн.

Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, ижара келишимдеринин талаптарын сактабоо, ашыкча чыгымдар жана мүлктү эсепке алуудагы кемчиликтер аныкталганы белгиленди.

Ошондой эле товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы мыйзам бузуулардын көлөмү 11 млн сомдон ашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү органдарга жазма буйруктар жөнөтүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мындан ары мындай фактыларга жол бербөө тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана