Зергерчилик тармагын көмүскөдөн чыгаруу боюнча реформа уланууда

Зергерчилик тармагын көмүскөдөн чыгаруу боюнча реформа уланууда

Кыргызстанда зергерчилик тармагын көмүскө экономикадан чыгаруу жана мыйзамдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар акырындык менен жыйынтыгын бере баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында реформа башталгандан бери боз экономикадан зергердикти чыгарып, көмүскө экономиканы азайтуу эң биринчи пландардын бири болуп калды.

“Буга чейин зергерлердин зер буюмдарды сатууда чет мамлекеттен легалдуу жана легалдуу эмес жолдор менен келгендиги белгисиз болчу. Алардын маркировкасы, учету да жок болуп, алтында көрсөтүлгөн сапат белгиси өзүнө дал келеби же жокпу? - деген кардарлардын күмөн саноолорунан улам, алардын укугун коргоо талабы курчуду” - дейт, Амангелдиев.

Ушундан улам, эмне себептен бул тармак көмүскө экономиканын астында жүрөт - деген изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү ишчаралар колго алынган. Андан кийин зергелик менен алектенген ишкерлерге жеңилдиктер берилип, аларды өз ыктыяры менен көмүскөдөн чыгып, легалдуу иш жүргүзүү үчүн шарттар түзүлө баштаган.

Бардык зер буюмдарды сатуу чынжырларында башкаларга салыштырмалуу салык кызматкерлеринин бул ишти көзмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгондуктан, президент бул тармакты салык кызматынын төрагасынын көзөмөлүнө өткөрүп берген.

“Негизинен министрлер  кабинети менен ишчаралар чогуу иштелип чыгып, финансы министрлигинин зер буюмдар департаментинин алкагында реформа жургөндөн кийин бир топ функциялар салык кызматынын алдына өткөн. Негизи зергерлерди коргоодо эң жөнөкөйлөшкөн салык принциптери колдонулуп, жаңы салык режимдери иштелип чыкты” – деп билдирди, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары

Мамлекет алтынды өндүрүп, кол өнөрчүлүк тармагында өнүккөнгө шарт түзүш үчүн ишкерлерге  колдоо көрсөтүп, алтынды приоритеттүү түрдө дисконт менен алганга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, азыр зергелерге алтын, кандайдыр бир жабдык же аспаптар керек болсо да, мамлекет жеңилдетилген насыяларды бере баштады. Бүгүнкү күндө аталган сектордун башынан аягына чейин толук колдоо механизмдери жолго салынып, өнөктөштөр, алардын катарында чет өлкөлүк бренддин өкүлдөрү дагы келип, биздин ички колдоонун алдындагы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media