2025-жылы Кыргызстан боюнча жалпы турак жайлардын 25% гана камсыздандырылган

2025-жылы Кыргызстан боюнча жалпы турак жайлардын  25% гана камсыздандырылган

Бүгүн Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КРнын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Жыйында КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова баяндама жасап, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталгандыгын билдирди.

Нурланованын айтымында, азыр жарандар турак жайын милдеттүү түрдө камсыздандырбаган болсо, аларды мажбурлап камсыздандыруу мыйзам боюнча каралган эмес. Ушундан улам Кыргызстан боюнча жалпы 1 251 515 жеке турак жай бар болсо, анын  357 895 турак жайы (25%) гана 2025-жылы камсыздалган.

2025-жылдын статистикасы:

Кырсыктын түрү

Кырсыктын саны

Төлөнгөн суммасы

Кар көчкү

1 кырсык

19 521 сом

Шамал

82 кырсык

1 66 030 сом

Өрт

156 кырсык

28 896 376 сом

Суу ташкыны

1 кырсык

500 000 сом

Сел жүрүү

7 учур

1 396 976 сом

Ал эми 2026-жылдын 4 айында турак жайды камсыздандыруунун натыйжасында - 200 млн сомго жакын каражат чогулуп, анын 128 млн сому төлөнүп берилгендигин - Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media