Кыргызстан менен Швейцария инвестициялык фонд түзүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Швейцария инвестициялык фонд түзүүнү пландоодо

Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыковдун катышуусунда европалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ага "Edelweiss Group", "Piper Deutschland AG", "Swisscows AG", "BRUGG" жана "Mountain Wolf" компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар инвестициялык, өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө Евразиялык индустриалдык-финансылык парк жана Кыргыз-Швейцария инвестициялык фондун түзүү демилгелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында Экономика министрлиги менен "Edelweiss Group" компаниясынын ортосунда эки меморандумга кол коюлду. Алар:

  • Евразиялык индустриалдык-финансылык парк түзүү;
  • Кыргыз-Швейцария инвестициялык фондун түзүү боюнча кызматташтыкты камтыйт.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул демилгелер өлкөгө инвестиция тартууну күчөтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media