Кыргызстандын 5 ири университетине 19,5 млн долларлык инвестиция бөлүндү

Кыргызстандын 5 ири университетине 19,5 млн долларлык инвестиция бөлүндү

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өлкөдөгү өзгөчө макамга ээ болгон 5 мамлекеттик жогорку окуу жай менен "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" (КИВО) долбоорунун алкагында субкредиттик келишимдерге кол койду. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, университеттерге жалпы 19 миллион 551 миң 900 АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Бул каражаттар илимий-изилдөө жана инновациялык борборлорду түзүүгө, лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаңы билим берүү программаларын ишке киргизүүгө жумшалат.

Каржылоо төмөнкү жогорку окуу жайларга бөлүндү:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине — 3,2 млн доллар;
  • К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине — 4,2 млн доллар;
  • И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына — 4,325 млн доллар;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине — 3,826 млн доллар;
  • Ош мамлекеттик университетине — 4 млн доллар. 
Долбоордун алкагында ар бир университетте өз багыты боюнча изилдөө жана инновациялык борборлор түзүлөт. Алар суу жана экологиялык коопсуздук, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук, биомедициналык изилдөөлөр, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук, ошондой эле онкологиялык ооруларды алдын алуу багыттарында иш алып барат.

Министр Гүлзат Исаматованын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик университеттердин илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө түздөн-түз 19,5 миллион доллардан ашык инвестиция бөлүнүп жатат. Ал бул каражат өлкөнүн илимий-технологиялык келечегине жасалган стратегиялык салым экенин белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media