Жарык берүүчү лампалардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан бошотулду

Жарык берүүчү лампалардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан бошотулду

Кыргызстанда жарык диоддук (LED) лампаларды өндүрүүнү колдоо максатында LED модулдардын айрым түрлөрү импорттук бажы алымынан убактылуу бошотулду. Ошондой эле даяр LED лампаларга карата импорттук бажы алымы 5% болуп белгиленди.

Бул чечимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин Садыр Жапаров “Майлуу-Суу лампа заводун” калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Кыргызстандын сунуштары колдоо тапкан. Анын негизинде өлкөгө жалпы көлөмү 23 миллион даанадан ашпаган LED лампаларды өндүрүүгө арналган айрым LED модулдарын бажы алымын төлөбөстөн алып келүүгө уруксат берилди. Бул жеңилдик 2028-жылдын 30-июнуна чейин күчүндө болот.

Бирок жеңилдик товарлардын максаттуу пайдаланыларын тастыктаган документ болгон учурда гана берилет. Мындай документти аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы берет.

Ал эми даяр LED лампаларына карата импорттук бажы алымынын өлчөмү 0 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул чара 2030-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Аталган чечимдер ата мекендик өндүрүүчү — «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсын колдоого, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана чыгарылуучу продукциянын түрлөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле ички рынокто даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жардам берет.

Чечим биринчи кезекте Майлуу-Суу лампа заводу ишканасын колдоого багытталган. Ишкана 2024-жылдан тартып өндүрүштө LED модулдарды колдоно баштаган.


Эске салсак, өткөн айда Президент Садыр Жапаров заводду модернизациялоо үчүн Турукташтыруу фондунан 931,6 млн сом бөлүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Министрлер кабинетине ишкананы стратегиялык объектилердин тизмесинен чыгаруу жана анын аймагында индустриалдык парк түзүү маселесин кароо тапшырылган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media