1 млн сомдон ашык суммадагы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

1 млн сомдон ашык суммадагы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарлар: аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чачка кам көрүүчү каражаттар жана башка эл керектөөчү товарлар аныкталган.

Алдын ала баалоо боюнча аныкталган эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Бул факты боюнча административдик айып салынды.

Ошондой эле аныкталган товарлар боюнча камералдык салыктык текшерүү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында тиешелүү салык төлөмдөрдү кошумча эсептөө, ошондой эле мыйзамдарда каралган санкцияларды жана туумдарды колдонуу каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат.

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички