Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында Кыргызстандын энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи болду.  

Маалыматка ылайык, иш-чарага Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов жеринде катышып, долбоордун ишке киришине расмий старт берди. Бул демилге өлкөнүн экспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эң ири инфраструктуралык кадамдардын бири болуп саналат.

Долбоор Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” ААК менен Кытай Эл Республикасынын Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылууда. Жалпы инвестиция көлөмү 430 миллион долларды түзүп, бул долбоор көмүр тармагындагы логистикалык инфраструктураны түп-тамырынан модернизациялоого багытталган ири программа катары бааланууда.

Долбоордун негизги максаты Текелик көмүр кени аймагынан казылып алынган көмүрдү Эркештам өткөрмө пункту аркылуу экспортко чыгарууну заманбап логистикалык система менен камсыз кылуу, ташуу чыгымдарын кыскартуу жана Кыргызстандын тышкы рыноктогу атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу болуп саналат.

Муну менен катар Нура айылында 10 гектар аянтта заманбап логистикалык борбор курулуп, анын курамында көмүрдү байытуучу эки фабрика жана көмүр ташуучу ленталуу конвейер системасы ишке берилет. Долбоор толук ишке ашкандан кийин 100дөн ашык туруктуу жумуш орун түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

 

Мындан тышкары окуңуз

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат. Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган