Чүй облусундагы өнөр жай аймагына ири инвестициялар тартылууда

Чүй облусундагы өнөр жай аймагына ири инвестициялар тартылууда

Президенттин Администрациясында Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы өнөр жай аймактарын жана индустриалдык парктарды өнүктүрүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл Чүй облусунда түзүлүп жаткан өнөр жай аймагынын калыптануу процессине бурулуп, аталган аймакта инвесторлор тарабынан пландалып жаткан жана ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берилди.

Жыйынга бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана өнөр жай аймагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор катышты. Алар долбоорлорду жүзөгө ашырууда жаралган көйгөйлөрдү, анын ичинде инфраструктуралык камсыздоо жана мамлекеттик органдар менен ресурс берүүчү мекемелердин ортосундагы координация маселелерин көтөрүштү.

Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагынын мындан аркы өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media