Кант шаарынын бюджетинен 65 млн сомдон ашык финансылык бузуу аныкталды

Кант шаарынын бюджетинен 65 млн сомдон ашык финансылык бузуу аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Кант шаарынын 2024-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, 65,3 млн сомдук финансылык бузууларды жана кемчиликтерди аныктады.

Эсептөө палатасынан маалыматына ылайык, аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин аткарылышын, ошондой эле “Эмгек Люкс” жана “Кант-Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 65 млн 315 миң сом өлчөмүндө финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 60 млн 142 миң сомду калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленди.

Негизги мыйзам бузуулар төмөнкүлөр болгон:

·       Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши -   1 032,1 миң сом;

·       бюджеттик ассигнованиелерди жана каржылоо лимиттерин укуктук негизсиз өзгөрүшү - 60 142,5 миң сом;

·       кызматкерлердин эмгек акысы жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар — 4 143,2 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн коллегиясында каралып, тиешелүү маалыматтар Чүй облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнө жана Кант шаарынын мэриясына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Кант мэриясына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мындан ары мындай учурларга жол бербөө боюнча жазма буйруктар берилген. Мэриянын жетекчилигине аудиттин жыйынтыктарын коллегиялык жыйында карап чыгып, көзөмөлдү күчөтүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media