Кыргызстандын эл аралык резервдери 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык резервдери 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка ылайык, 15-майга карата өлкөнүн эл аралык резервдери 9 миллиард 82 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 478,9 миллион долларга же 5,6%га көбөйгөн.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, эл аралык резервдер министрлер кабинетинин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн, ошондой эле өлкөдөгү баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталган акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүүдө колдонулат.

Адистердин айтымында, резервдердин көбөйүшү өлкөнүн финансылык туруктуулугун чыңдап, тышкы экономикалык тобокелчиликтерге каршы туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо иштери аяктады

Нарындагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо иштери аяктады

Өлкө аймагында ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу максатында суу каналдарын бетон полотнолору менен төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Нарын облусундагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо долбоорунун алкагында каналдын ички бөлүгүнө бетон полотносун төшөө иштери толугу менен аяктады. Каналдын жалпы узундугу 2070 метрди түзүп, анын бардык бөлүгүнө бетон жабдыгы орнотулду.

Өлкөнүн айрым аймактарында мотоунааларга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында мотоунааларга чектөө киргизилди

Кыргызстанда экосистемаларды сактоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөө коюлду: – өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында; – парктык-пляждык зоналарда; – жайыттарда. Маалыматка ылайык, бул чектөөлөр автомобиль жолдорундагы кыймылга тиеш

Экологиялык прокуратураны ачуу үчүн 26 млн сом бөлүнөт

Экологиялык прокуратураны ачуу үчүн 26 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңештин профилдик комитети республикалык бюджеттен 2 млрд 462 миллион сомдон ашык каражат бөлүү боюнча чечимди жактырды. Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага экологиялык прокуратураны ачуу жана кошумча 30 кызматкерди ишке алуу үчүн 26 млн сомдон ашык каражат каралды. Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр үчүн 156,9 млн сом бөлүнөт. Ал

ТМУ өлкөлөрү шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташат

ТМУ өлкөлөрү шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташат

Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Урбанистика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогу” уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жыйында шаарларды өнүктүрүү, туруктуу пландоо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, ТМУга мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселесине көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында