Экономика министри жана KOICAнын вице-президенти менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Экономика министри жана KOICAнын вице-президенти менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

20-майында Сеул шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сок Хва мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ааталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагыкызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Алардын катарында санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктын электромобилдерге өтүүсү боюнча демилгелер бар.

KOICAнын вице-президенти Кыргызстан агенттиктин 2026–2031-жылдарга карата артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин белгиледи. Ал бул чечим эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы программаларды ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ички рынокту ун менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Ички рынокту ун менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Кызматтын аянтчасында төраганын орун басары Санжарбек Кокошеровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Р.Дж. Жунушев менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда ички рынокту азык-түлүк буудайы менен камсыз кылуу, ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалардын туруктуу иштеши жана калкты жетиштүү көлөмдө ун

Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө быйыл ассамблеяга Кыргыз Республикасы төрагалык кылып жатканы белгиленип, Координаторлук кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун талапкерлиги сунушталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Табылды Муратбеков КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын Координатору болуп шайланды. Андан соң ал Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик

Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт

Кыргызстандын шаарларынын ортосунда жүрүү үчүн Яндекс Go супераппында эми "Шаар аралык" сервиси пайда болду.  Колдонуучулар жол жүрүү үчүн алдын ала орун алып – жалгыз же жолоочу менен чогуу бара турган сунушту тандай алат. Алгач ишке кире турган маршруттар – Бишкектен Балыкчыга, Чолпон-Атага, Караколго, Токмокко жана Кара-Балтага; Оштон Манаска; Тамчыдан Караколго

Эрлист Акунбеков: Ысык-Көлдүн деңгээли 47 см чейин түштү

Эрлист Акунбеков: Ысык-Көлдүн деңгээли 47 см чейин түштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда журналисттерге кабарлады. Бул маселени чечүү үчүн долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи. “Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизиш керек. Ошондо Ысык-Көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө толук