Ички рынокту ун менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Ички рынокту ун менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Кызматтын аянтчасында төраганын орун басары Санжарбек Кокошеровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Р.Дж. Жунушев менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Жолугушууда ички рынокту азык-түлүк буудайы менен камсыз кылуу, ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалардын туруктуу иштеши жана калкты жетиштүү көлөмдө ун менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Тараптар тармактагы учурдагы абал боюнча пикир алышып, мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселесине токтолушту.

Жыйынтыгында Кызмат көтөрүлгөн маселелерди өз компетенциясынын алкагында кароого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген