Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2026-жылдын башында 4%га кыскарган

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2026-жылдын башында 4%га кыскарган

2026-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3 млрд 356,2 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 пайызга азайган. Өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 млрд 497,5 млн доллар болгон.

Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, экспорттун көлөмү да төмөндөп, отчеттук мезгилде 482,9 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 86,6 пайыз деңгээлин көрсөттү. Ал эми 2025-жылдын январь-март айларында экспорт 558,1 млн доллар болгон.

Импорттун көлөмү 2 млрд 873,2 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга кыскарган. Былтыркы ушул мезгилде импорттун көлөмү 2 млрд 939,4 млн долларды түзгөн.

Аймактар боюнча алганда, эң ири тышкы жана өз ара соода жүгүртүү Чүй облусунда катталган. Отчеттук мезгилде аталган аймактагы сооданын көлөмү 368,7 млн долларды түзүп, жалпы көлөмдүн 31,1 пайызын камсыздаган. Былтыр бул көрсөткүч 404,9 млн доллар болгон.

Улуттук статистикалык маалыматтар - Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода боюнча атайын статистикалык отчеттордун негизинде түзүлөт. Ошондой эле Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында жүргүзүлгөн тандалма байкоолордун жыйынтыктары дагы эске алынат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media