“Арашан” асыл тукум койлорун экспорттоого уруксат берилди
Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын өлкөдөн сыртка чыгарууга байланыштуу мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жаңы чечимге ылайык, айрым мал түрлөрүн өзгөчө тартипте экспорттоого уруксат берилет. Атап айтканда, асыл тукум койлор, козулар жана кочкорлор, ошондой эле Кыргызстанда өстүрүлбөгөн жана “Кыргыз Агрохолдинг” мамлекеттик ишканасы экспорттой турган тирүү малдар чектөөдөн чыгарылды.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө өстүрүлгөн бардык ири мүйүздүү мал, жылкы, кой-эчкини сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынган болчу. Өкмөт бул өзгөртүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынганын билдирди.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга малды мыйзамсыз ташып чыгууга каршы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Токтом расмий жарыялангандан жети күндөн кийин күчүнө кирет.