Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелери жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал парламентти санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып, тажрыйба бөлүшүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Төрага Беларусь онкология жана органдарды трансплантациялоо тармагында чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, өзгөчө муктаж болгон кыргызстандыктарды акысыз дарылоо үчүн квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы соода жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 500 млн долларга жеткирүү максаты да сөз болду.

Өз кезегинде Наталья Кочанова кыргыз-беларусь кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, парламенттер аралык байланышты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле Марлен Маматалиевди Беларусь Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media