Кыргызстанга импорттолгон какао порошогу бажы төлөмүнөн бошотулат

Кыргызстанга импорттолгон какао порошогу бажы төлөмүнөн бошотулат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын айрым товарларды импорттук бажы алымынан бошотуу боюнча демилгеси колдоо тапты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Чечимге ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу 300 тоннага чейинки какао порошогуна 0% бажы алымы колдонулат.

Бул жеңилдик шоколад, кондитердик, нан, сүт азыктарын, суусундуктарды жана кургак аралашмаларды өндүрүү үчүн керектүү чийки зат менен ички рынокту камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, ШКУнун мамлекет башчыларынын Кеңешинин иш-чараларын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө керектелүүчү товарлардын жеңилдетилген тизмесин кеңейтүү боюнча Кыргызстандын сунушу дагы колдоо тапты.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук транспортко жол бербегендерге 5500 сом айып салынат

Коомдук транспортко жол бербегендерге 5500 сом айып салынат

”Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы коомдук транспортко жол бербеген айдоочуларга 5500 сом айып пул салынарын эскертти. Мекеменин маалыматына ылайык, Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү түшүрүп же отургузуп, кайра кыймылын баштаганда башка унаалар ага жол берүүгө милдеттүү. Коомдук транспорттун айдоочусу жол коопсуз экенине ынангандан кийин гана жүрүшүн улантат. Бул

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары