Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Ысык-Көл облусунда жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Анда Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин элчилери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Анда жашыл экономика, туруктуу туризм, экологиялык айыл чарба, инновациялык технологиялар тармагына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар 2020-жылдан бери ишке ашып келе жаткан өнөктөштүк буга чейин эле жакшы жыйынтыктарды берип жатканын белгилешти. Ошондой эле бул демилгелер Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын максаттарына шайкеш келери айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жашыл экономика, экологиялык таза айыл чарба жана заманбап технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду мындан ары да илгерилетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген