Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Салык кызматы коррупцияга каршы саясатты күчөтүү аракетинде

Мамлекеттик салык кызматы коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында коррупциянын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.

Салык кызмтыныны маалыматына ылайык, салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу иштерин күчөтүү максатында, атайын ыйгарым укуктуу өкүл болуп КРнын Башкы прокуратурасынан юстиция майору Акылбек Ахматов дайындалган. Анын ишмердүүлүгү методикалык жардам көрсөтүүгө жана коррупциянын алдын алуучу механизмдерди киргизүүгө багытталган.

Ошондой эле Акылбек Ахматовдун катышуусунда коррупцияга каршы маданиятты жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүүгө арналган окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Салык органдарына жаңы кабыл алынган кызматкерлер үчүн “Мамлекеттик кызматчынын этикасы. Кызыкчылыктардын кагылышы” жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү” темаларында окуулар уюштурулду.

Сабактардын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын негизги жоболору, коррупциялык укук бузуулардын түшүнүгү жана түрлөрү, алар үчүн каралган жоопкерчилик, ошондой эле кызматтык этиканы сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу маселелери түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн болгон учурлардын жана жагдайлардын тизмесин даярдоо жана түзүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө салык органдарынын ишиндеги коррупцияга жакын аймактар жана эң аялуу багыттар каралып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана башкаруу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды.

Иштин жыйынтыгында Коррупциялык тобокелдиктердин тизмесинин долбоору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашууга жөнөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media