"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 270 жүк ташуучу унаа кезекте турат

"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 270 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын өткөрүү штаттык режимде уланууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чек арадагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, Казакстан Республикасы тарабынан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү байкалган жок. Адистердин айтымында, автотранспорт каражаттарынын топтолушу биринчи кезекте Кыргызстандан чыккан экспорттук агымдын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болууда.

2026-жылдын 23-майына карата "Ак-Тилек" өткөрүү пункту аркылуу өтүү үчүн кезекте 270 жүк ташуучу автоунаа турганы маалымдалды.

Ошондой эле мамлекеттик органдар маалымат алмашуу жана координация маселелери боюнча Казакстандын тиешелүү кызматтары менен тыгыз иш алып барууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген