Кыргызстанда ШКУнун Инвестициялык форумуна кызуу даярдык жүрүүдө

Кыргызстанда ШКУнун Инвестициялык форумуна кызуу даярдык жүрүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров үстүбүздөгү жылдын 24-25-июнунда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Инвестициялык форумуна даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө форумду уюштуруу маселелери, эл аралык инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана ШКУнун инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмөсүн өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Равшанбек Сабиров форум Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын дүйнөгө таанытуу жана жаңы экономикалык байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болоорун белгиледи.

"ШКУнун Инвестициялык форуму Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын таанытуу, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана жаңы экономикалык байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болот", — деди ал.

Катышуучулар алдыдагы форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоого, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариевге өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестициялык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн "Инвестициянын мыктысы" сыйлыгы тапшырылды.

Форумдун жыйынтыгында жаңы инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу, бизнес кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде илгерилетүү боюнча маанилүү кадамдар жасалары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media