Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолду

Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолду

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолуп, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң долларды түздү. Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78 тоннадан ашык бал көп экспорттолду. Кыргыз балы сапаты жана экологиялык тазалыгы менен эл аралык рынокто өз ордун бекемдеп, чет өлкөлүк керектөөчүлөр арасында кызыгууну арттырууда. Эң көп көлөмдөгү экспорт Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Министрлик бал өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоону күчөтүп, ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат. Ошондой эле сапат стандарттарын өркүндөтүү, жаңы рынокторду өздөштүрүү жана кыргыз балчылыгынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media