Электрондук аудит системасы текшерүү мөөнөтүн эки жумадан үч күнгө чейин кыскартты

Электрондук аудит системасы текшерүү мөөнөтүн эки жумадан үч күнгө чейин кыскартты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан жаңы электрондук аудит системасынын иши менен таанышты. Санариптик платформа мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуу программасынын алкагында ишке киргизилген.

Финансы министри Руслан Суйналиев маалымдагандай, IT-платформа 2026-жылдын 1-апрелинен баштап, бюджеттик уюмдарга карата 32 аудит жүргүзүлүп, анын 25и толук аяктады.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, 62,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, командировкалык чыгымдардан 629 миң сом үнөмдөлгөн. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы аныкталган мыйзам бузуулардын көлөмү 13,5 млн сомду түзгөн.

Жаңы системанын негизги артыкчылыгы — аудит жүргүзүү мөөнөтүнүн кескин кыскарышы болду. Мурда бир текшерүү эки жумага чейин созулса, азыр санариптик форматка өтүүнүн эсебинен үч күндөн ашпай калды.

Мындан тышкары, аудиттин бардык этаптары автоматташтырылган. Тактап айтканда, объекттердин тизмесин түзүүдөн тартып текшерүү актысын даярдоого чейинки процесстер “Казына.Бюджет”, “ББУ” маалыматтык системалары жана мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүргүзүлөт.

Адылбек Касымалиев электрондук аудит системасынын жыйынтыгын оң баалап, Финансы министрлигине санариптик көзөмөл инструменттерин кеңейтүүнү тапшырды. Анын айтымында, мамлекеттик аудитти толук автоматташтыруу убакытты жана ресурстарды үнөмдөп гана тим болбостон, ачык-айкын жана отчеттуу башкаруу чөйрөсүн түзүүгө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин – «Электрондук аудит» жаңы санариптик системасы министрликтин IT-адистери тарабынан иштелип чыгып, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөндөн кийин 2026-жылдын 1-апрелинен тартып пилоттук режимде иштеп баштаган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media