Ивановкадагы 40 млн долларлык керамика заводу экономикага кандай салым кошууда?

Ивановкадагы 40 млн долларлык керамика заводу экономикага кандай салым кошууда?

Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ивановка айылында жайгашкан “Асыл Таш” керамика заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр белгилегендей, аталган ишкана мамлекет тарабынан колдоого алынган ири өндүрүш долбоорлорунун бири болуп саналат. Финансы министрлиги мамлекеттин атынан кепилдик берип, заводду зарыл каржы ресурстары менен камсыздоого жана аймактагы өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн.

Руслан Сүйналиевдин маалыматына ылайык, “Мамлекеттик финансылык холдинг” 2023-жылдан тартып жалпы көлөмү 66 млрд сомду түзгөн 26 ири долбоорду каржылаган. Алардын катарында “Асыл Таш” заводу дагы бар. Учурда бул долбоорлордун өлкө экономикасына кошкон жалпы салымы болжол менен 113 млрд сомго жеткен.

Министрдин айтымында, заводдун жалпы долбоордук наркы 40 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 25 млн доллар Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Ишкананын директору Кубаныч Рыскелдиев заводдун өндүрүш аянты 25 миң чарчы метрди түзөрүн билдирди. Учурда завод суткасына 8,5 миң чарчы метр даяр продукция чыгарууга жөндөмдүү.

Өндүрүштө колдонулган чийки заттын 70 пайызын ата мекендик материалдар — таш, кум жана топурак түзөт. Калган бөлүгү Россия жана Казакстандан импорттолот. Завод учурда экспорттук багытты да өнүктүрүп, продукциясын ушул эле өлкөлөргө жөнөтүп жатат.

Бүгүнкү күндө ишкана 100дөн ашык түрдөгү керамикалык продукция чыгарат.

Кубаныч Рыскелдиев мамлекеттик органдардын координацияланган колдоосу долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусунда чоң роль ойногонун белгиледи.

“Өкмөт долбоорду башынан тартып өндүрүш линияларын ишке киргизүүгө чейинки бардык этаптарда коштоп берди. Көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү органдар менен тыгыз кызматташуу камсыз болду. Көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирем”, — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media