“Каракол” эркин экономикалык аймагына инвестиция тартуу боюнча талкуу өттү

“Каракол” эркин экономикалык аймагына инвестиция тартуу боюнча талкуу өттү

Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлордун “Каракол” эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.

Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген