“Кепилдик фонд” капиталын 120 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

“Кепилдик фонд” капиталын 120 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

“Кепилдик фонд” ААКсы Казакстанда өткөн Ulttyq ónim – 2026 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын кепилдик колдоо системасын жана жаңы каржылык инструменттерин тааныштырды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Иш-чарада фонддун Башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдөгү кепилдиктин негизги инструмент катары ролу” аттуу панелдик сессияда баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстанда ишкерлерди жана калкты кепилдик аркылуу колдоо системасынын өнүгүшү тууралуу маалымат берип, жаңы инструменттерге токтолду.

Анын айтымында, “Кепилдик фонд” 10 жыл мурун күрөө камсыздоосу жетишсиз болгон ишкерлерди колдоо максатында түзүлгөн. Фонд ишин 4 млн доллар капитал менен баштап, бүгүнкү күндө анын капиталы 75 млн долларга жеткен. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүчтү 120 млн долларга чейин көбөйтүү пландалууда.

Учурда фонд жеке жана портфелдик кепилдиктерди, исламдык жана ипотекалык кепилдиктерди, ошондой эле ата мекендик автоунааларды алгачкы төлөмсүз сатып алуу үчүн кепилдик берүү механизмдерин сунуштап келет.

Малик-Айдар Абакиров ошондой эле фонд ишкерлерге каржылык колдоо менен катар финансылык эмес кызматтарды да көрсөтүүгө басым жасап жатканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Дүйнөлүк банктын долбоору ийгиликтүү аяктап, “эң жогорку деңгээлде канааттандырарлык” деген баага татыган. Бул тажрыйба учурда Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан изилденүүдө.

Бүгүнкү күндө “Кепилдик фонд” жалпы суммасы 100 млн доллардан ашкан бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.
Ulttyq ónim – 2026 көргөзмөсүнө 600дөн ашуун компания катышып, анын алкагында B2B-жолугушуулар, мастер-класстар жана заманбап технологияларга арналган интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media