Кыргызстан менен Тажикстан соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан менен Тажикстан соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү көздөөдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгонун белгилешти.

Жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тиешелүү органдардын ишин координациялоо жана аткарылып жаткан иштер боюнча үзгүлтүксүз маалымат алмашуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстан көп жылдардан бери бири-бири үчүн маанилүү соода өнөктөш бойдон кала берерин белгилеп, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча конкреттүү кадамдарды карашты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн президенттери 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын коюшкан.

Кыргызстан текстиль, көмүр, айнек, пластмасса буюмдары жана айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экени белгиленди. Ошондой эле эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, тараптар суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media