Кыргызстанда дары-дармек жана витамин өндүрүүчү ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда дары-дармек жана витамин өндүрүүчү ишкана ачуу пландалууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын “UNIEN PHARMA İLAÇ TEKNOLOJİ LTD. ŞTİ.” компаниясынын негиздөөчүсү Сафа Йылмаз жана компания өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жана биологиялык активдүү кошулмаларды — витаминдерди өндүрүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо, логистикалык мүмкүнчүлүктөр жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.

Бакыт Сыдыков өлкөдө калкты сапаттуу жана коопсуз дары-дармек менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ошондой эле дары-дармектерди мыйзамдуу жана көзөмөлдөнгөн негизде жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Министрдин айтымында, жергиликтүү дары-дармек жана витамин өндүрүшүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул багыттагы инвестициялык долбоорлорго мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, конкреттүү долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media