Кыргызстандагы жашыл технологиялар ишканалардын кирешесин 115%га көбөйттү

Кыргызстандагы жашыл технологиялар ишканалардын кирешесин 115%га көбөйттү

Экономика жана коммерция министрлигинде GIZдин “Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү” программасынын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Министрликтен билдиргендей, жыйында 2025-жылдын январынан 2026-жылдын май айына чейин өлкөдө жашыл экономика багытында ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыгы чыгарылды.

Маалыматка ылайык, жашыл практикаларды киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандагы 2 199 чакан жана орто ишкана кирешесин орточо 115%га көбөйткөн.

Программанын алкагында жылуулук насосторун жана күн энергиясын колдонуу, SMART FARM жана акылдуу сугаруу системаларын киргизүү, No-till технологиясын сегиз райондо жайылтуу сыяктуу долбоорлор ишке ашырылды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы 34 туристтик объектке эко-маркировка берилип, Ош шаарында 8 тонна пластик чогултулган. Ошондой эле аял кол өнөрчүлөрдү Amazon жана eBay эл аралык платформаларына чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Программанын жыйынтыгында 1 768 жаңы жумуш орду түзүлүп, колдоого алынган тармактарда көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы орточо 88%га кыскарганы белгиленди.
Долбоор Германиянын BMZ министрлиги, Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media