Кыргызстандын улуттук азыктары Ташкенттеги фестивалда чоң кызыгуу жаратты

Кыргызстандын улуттук азыктары Ташкенттеги фестивалда чоң кызыгуу жаратты

23-майда Ташкент шаарында маданий салттардын жана улуттук тамак-аштардын XXII эл аралык кайрымдуулук фестивалы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү өлкөнүн улуттук павильонун уюштурууга көмөк көрсөттү. Ошондой эле “Алайку Органикс”, “Абдыш-Ата” жана “Медовая артель” сыяктуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусу камсыздалды.

Фестивалда кыргыз бренддеринин продукциялары, улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик дипломаттардын жана коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага катышуу Кыргызстандын экспорттук потенциалын таанытууга жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.

Фестиваль кайрымдуулук максатында өткөрүлүп, сатуудан түшкөн каражаттар онкологиялык оорулардан жабыркаган жана майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтүүгө багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн