Россияга экспорттоодо жаңы СПОТ системасы 1-июндан тарта күчүнө кирет

Россияга экспорттоодо жаңы СПОТ системасы 1-июндан тарта күчүнө кирет

Экономика жана коммерция министрлигинде бизнес-коомчулуктун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги темасы Россия Федерациясында товарларды жеткирүүнү күтүүнү тастыктоо системасынын (СПОТ) ишке киргизилиши болду.

Система 2026-жылдын 1-июнунан тарта толук кандуу режимде иштей баштайт.

Кеңешменин жүрүшүндө бизнес өкүлдөрүнө СПОТ системасына байланыштуу экспортчулар үчүн коюлган техникалык жана жол-жоболук талаптар түшүндүрүлдү.

Ошондой эле министрлик жаңы талаптарга ылайыкташууга көмөк көрсөтүү максатында экспортчулар үчүн окутуу семинарларын уюштурууну пландап жатканын билдирди.

Окутууларда СПОТ системасында иштөө эрежелери, товарларды маркировкалоо, сертификациялоо жана коштоочу документтерди тариздөө тартиби камтылат.

Министрлик СПОТ системасында арыз россиялык импортчу тарабынан толтуруларын эскертип, бардык документтер система аркылуу жүктөлөрүн маалымдады. Тариздөөнүн жыйынтыгында QR-код форматындагы алдыдагы жеткирүү тууралуу документ түзүлөт.

Буга байланыштуу экспортчуларга аталган документти импортчулардан алдын ала сурап, жүктү ташууда айдоочуларга берүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media