Үрүмчүдө Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Үрүмчүдө Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Кытайдын Үрүмчү шаарында Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгына арналган иш-чаралар өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында “Синьцзян (Кытай) – Кыргыз Республикасы” инвестициялык жана тышкы соода форуму уюштурулуп, Кыргызстандын делегациясын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов жетектеди.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү, өнөр жай кооперациясын жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл биргелешкен инвестициялык долбоорлорго, аймактар аралык кызматташтыкка жана экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө бурулду.

Ошондой эле Үрүмчүдө “Кыргызстан – Синьцзян (Кытай)” III Бизнес кеңешинин жыйыны өтүп, ага мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу камсыздалды.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын СУАРдагы өкүлчүлүгү расмий ачылды. Өкүлчүлүк Кыргызстандын экспорттук потенциалын илгерилетүүгө жана кыргыз-кытай ишкер чөйрөлөрүнүн байланышын чыңдоого багытталат.

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө кыргыз жана кытай ишкерлеринин ортосунда кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

Саякатка чыгууну пландап жатасызбы? Эми саякатка кеткен чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн картаңызга кайтарып алсаңыз болот. BAKAI Travel жаңы акция баштады. Анын алкагында 20%га чейин кешбэк акчалай берилет: BAKAI мобилдик банкы аркылуу авиабилет сатып алсаңыз — 10%, ал эми мейманкана брондосоңуз — дагы 10% кешбэк аласыз. Авиабилет менен мейманкананы чогуу алуу шарт эмес.

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек районунун прокуратурасы үчүн административдик имарат курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер сунуштарды стандарттуу баалоо ыкма аркылуу өткөрүлүүдө.  Курулуштун болжолдуу баасы 40 150 662 сомду түзөт. Сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Ысык-Көлдө дарыгерлерге ден соолугун чыңдоосу үчүн жаңы эс алуу корпусу курула башталды. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мезгил кутучасын салуу аземине Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова, Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов катышты. Жаңы

Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди

Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди

Ала-Бука районунда өрт кырсыгынан турак жайы зыянга учураган жаранга мамлекеттик камсыздандыруу боюнча кенемте төлөндү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-июлда Ызар айылынын тургуну Жолборс Назаралиевдин үйүндө өрт чыккан. Алардын турак жайы алдын ала табигый кырсыктардан камсыздандырылгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үй ээсине 45 миң 728 сом