Асман шаарында заманбап дата-борборлор курулушу мүмкүн

Асман шаарында заманбап дата-борборлор курулушу мүмкүн

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктен билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Анда санариптик инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлор боюнча кызматташуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Равшанбек Сабиров Кыргызстан жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга жана заманбап санариптик чечимдерге инвестиция тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ivan Xu компаниясынын өкүлдөрү бул демилгени мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media