Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт”борбору уюштурду. Көргөзмөгө 40тан ашуун ата мекендик өндүрүүчү жана экспортко багытталган компаниялар катышып, жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш, текстиль жана кол өнөрчүлүк тармактарындагы продукцияларын сунуштоодо.

Көргөзмө “Байтур” пансионатынын аймагында өтүп, Кыргызстандын экспорттук потенциалын жана улуттук бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган.

Иш-чара жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жана ШКУ өлкөлөрү менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-май күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кээ бир аймактарда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Ага байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Билдирүүгө караганда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 75–90-чакырымдарында, тактап айтканда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаашы жана кар көчкү түшүү коркунучу бар экени болжолдонууда. Бул

Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Балыкчыдагы “Кыргызкөмүр” ишканасынын абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, таанышуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасына базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 8 миң адамдын өлүмү катталганын билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда. Бул бардык өлүм учурларынын 54 %ын түзгөн. Экинчи орунда шишик оорулары, андан кийин жол кырсыгы, уулануу, суицид жана адам өлтүрүү сыяктуу тышкы себептер турат. Расмий маалыматта

Бишкектеги Профсоюз көчөсүн узартуу иштерине 43 техника, 54 жумушчу тартылды

Бишкектеги Профсоюз көчөсүн узартуу иштерине 43 техника, 54 жумушчу тартылды

Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүн Кустанайдан Чүй облусунун Сокулук районундагы Түндүк айланма жолуна чейин улантуу боюнча жаңы унаа жолу курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу – 8,5 чакырым болот. Жолдун борбордук огу толугу менен белгиленип, 8 500 метр аралыкта геодезиялык