Балыкчыда эл аралык логистикалык борбор ачылды

Балыкчыда эл аралык логистикалык борбор ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаарындагы “Кыргызалтын” ААКтын “Алтын Логистик” эл аралык логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан өзүнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын активдүү өнүктүрүүдө.

"Бул жааттагы маанилүү долбоорлордун бири - "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору. Борбор Улуу Жибек жолунун маанилүү багыттарынын биринде жайгашкан жана ал Кытайды, Борбор Азия өлкөлөрүн жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хаб катары натыйжалуу иш алып барарына ишенем. Бул ыңгайлуу жайгашкан жер эл аралык соода байланыштарын кеңейтүүгө, транзиттик жүк агымын көбөйтүүгө жана региондун транспорттук-логистикалык секторунда Кыргыз Республикасынын ролун бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди ал.

Долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп жатканын Адылбек Касымалиев улантты. Мында 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө “Кыргызалтын” ААКнын ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Уюм тоо-кен тармагы менен эле чектелбестен, логистика, инфраструктура жана инвестиция жаатындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал компаниянын 2025-жылдагы оң каржылык көрсөткүчтөрү эффективдүү башкаруунун жана кесипкөй башкаруунун натыйжасы экенин билдирди. Тактап айтканда, 2025-жылдын аягына карата “Кыргызалтын” ААКсы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 18,7 млрд сомдон ашык түздү.

Логистикалык борбор 5,5 гектар аянтка жайгашып, транспорттук-логистикалык процесстерди коопсуз жана натыйжалуу уюштуруу үчүн заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media