Эрлист Акунбеков: Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү

Эрлист Акунбеков: Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү

28-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы” темасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумуна жана боордош шаарлардын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков чейрек кылымда ШКУ Евразия чөлкөмүндөгү кызматташтыктын эң ири жана эң абройлуу аянтчаларынын бирине айланганын белгилеп, аймактар жана шаарлар өнөктөштүктүн практикалык пайдубалына айланып, конкреттүү долбоорлор ишке ашырылып, соода-экономикалык байланыштар өнүгүп, өлкөлөрдүн бизнес коомчулугу менен элдеринин ортосундагы байланыштар чыңдалганын билдирди.

“Акыркы төрт жылда Кыргыз Республикасынын менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү. Аймактык байланышты чыңдоого багытталган ири инфраструктуралык долбоорлор биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстанда: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы Бедел өткөрүү пунктунун курулушу, Барскоон-Бедел автожолунун курулушу, ошондой эле бир катар ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу ири долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Бул долбоорлор Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй ШКУ мейкиндиги үчүн стратегиялык мааниге ээ”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков. 

Эрлист Акунбеков ошондой эле Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу сөз айтып, форумга келген бардык кызыкдар катышуучу тараптарды ШКУ мейкиндигинде өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө чакырып, Кыргыз Республикасы ШКУнун алкагында аймактар аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.  

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media