Кыргызстан, Беларусь жана Кытайдын эркин экономикалык аймактары кызматташат

Кыргызстан, Беларусь жана Кытайдын эркин экономикалык аймактары кызматташат

ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында бир катар меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Чолпон-Ата шаарында өткөн форумдун алкагында Кыргызстан, Беларусь жана Кытайдын шаарлары, аймактары жана эркин экономикалык аймактары ортосунда кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду.

Алардын ичинде:
“Бишкек” жана “Брест” эркин экономикалык аймактарынын ортосундагы кызматташтык меморандуму;
Бишкек менен Кытайдын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук байланыштарды түзүү жөнүндө келишим;
“Нарын» жана «Брест” эркин экономикалык аймактарынын кызматташтык келишими;
Каракол менен Брест шаарларынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга карата жол картасы.

Кол коюлган документтер аймактар аралык өнөктөштүктү чыңдоого, инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Таш-Көмүрдө 38,6 миллион сомго балдар көркөм мектеби курулду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү.  Имарат эки кабаттуу

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

Саякатка чыгууну пландап жатасызбы? Эми саякатка кеткен чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн картаңызга кайтарып алсаңыз болот. BAKAI Travel жаңы акция баштады. Анын алкагында 20%га чейин кешбэк акчалай берилет: BAKAI мобилдик банкы аркылуу авиабилет сатып алсаңыз — 10%, ал эми мейманкана брондосоңуз — дагы 10% кешбэк аласыз. Авиабилет менен мейманкананы чогуу алуу шарт эмес.

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек районунун прокуратурасы үчүн административдик имарат курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер сунуштарды стандарттуу баалоо ыкма аркылуу өткөрүлүүдө.  Курулуштун болжолдуу баасы 40 150 662 сомду түзөт. Сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Ысык-Көлдө дарыгерлерге ден соолугун чыңдоосу үчүн жаңы эс алуу корпусу курула башталды. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мезгил кутучасын салуу аземине Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова, Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов катышты. Жаңы