Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, документ турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун негизги максаты камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана жарандардын укуктук корголушун күчөтүү экени белгиленди. Документ камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөп берүүнү камсыздоого багытталган.

Баяндамачынын маалыматына ылайык, экинчи окууга чейин депутаттар тарабынан бир катар сунуштар берилип, тиешелүү корутундулар алынган. Анда камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, исламдык камсыздандыруу механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле жарандардын камсыздандыруу кызматтарын тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралган.

Талкуу учурунда депутаттар мыйзам долбоорундагы айрым маселелер боюнча суроолорун жана сын-пикирлерин айтышты. Тактап айтканда, жер титирөөнүн күчү 5–6 балл менен чектелип көрсөтүлгөнү, кырсыктан кийин сертификат алуудагы кыйынчылыктар, ошондой эле “такафул” термининин кыргызча эмес, араб тилинде колдонулганы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Узакка созулган талкуудан кийин мыйзам долбоору боюнча тактоону талап кылган жагдайлар бар экени белгиленип, комитеттин сунушу менен документ күн тартибинен алынып салынды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media