Адылбек Касымалиев эл аралык каржы форумуна катышты

Адылбек Касымалиев эл аралык каржы форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев санариптик трансформация, коопсуздукту камсыздоо жана инновациялык өнүгүү маселелерине арналган Бишкек эл аралык каржы форумуна катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Бүгүнкү күндө санариптик трансформация Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн чечүүчү фактору болуп саналат. Кыргызстанда инновациялык экономиканы өнүктүрүү, анын каржы системасын модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, калк жана бизнес үчүн заманбап финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү саясаты ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Кыргызстан санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырууда жана технологияга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап финансылык экосистеманы куруп жатат”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиев мобилдик финансылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик кызматтарды жана заманбап банктык технологияларды активдүү өнүктүрүүнү, ошондой эле санариптик финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, заматта төлөм механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштерди белгиледи.

МинКаб Төрагасы андан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каржы рыногунун өкүлдөрү менен бирге алдамчылыкка каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, каржы системасынын кибер туруктуулугун күчөтүү, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барылып жатканын кошумчалады. 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media