Кыргызстанда 3 коммерциялык банктын лицензиясы чакыртылып, жоюлуу стадиясында турат

Кыргызстанда 3 коммерциялык банктын лицензиясы чакыртылып, жоюлуу стадиясында турат

2026-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын экономикасынын финансылык секторундагы ишканалардын иш-аракеттеринин негизги көрсөткүчтөрүнө таянсак, оң финансылык көрсөткүчтөр катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин бюллетенинде маалымдалат.

Расмий маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде өлкө боюнча 485 финансылык сектордун ишканасы жана алардын 785 филиалы иш алып барган. Алардын ичинен 290 ишкана жалпы 9 млрд 990,5 млн сом пайда тапкан. Ошол эле учурда 90 ишкана 504,6 млн сом чыгаша көрсөткөн. Ал эми 100 ишкананын финансылык жыйынтыгы нөлгө барабар болгон.

Жыйынтыгында ишканалардын сальдолоштурулган финансылык көрсөткүчү 9 млрд 485,9 млн сомду түзгөн.

 Өлкө боюнча көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 коммерциялык банк жана алардын 309 филиалы ишмердүүлүк жүргүзгөн. Алардын ичинен 20 банк пайда менен иштеп, жалпы кирешеси 7 млрд 622,2 млн сомго жеткен. Ал эми 6 банк 158,6 млн сом чыгашага учурап, дагы бир банктын финансылык жыйынтыгы нөлгө барабар болгон. Банктардын жалпы сальдолоштурулган финансылык жыйынтыгы 7 млрд 463,6 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле билдирүүдө 27 коммерциялык банктын 24ү учурда иштеп жатканы, ал эми 3 банктын лицензиясы кайтарылып алынып, жоюлуу стадиясында тургандыгы белгиленген.

Мындан тышкары, 439 кредиттик уюм жана алардын 434 филиалы иш алып барып, 259 уюм 2 млрд 44,8 млн сом пайда тапкан. 78 кредиттик уюм чыгаша көрсөткөн болсо, 102 уюмдун финансылык жыйынтыгы нөл менен аяктаган.

Ал эми камсыздандыруу тармагында 19 компания жана алардын 42 филиалы иш жүргүзгөн. Алардын 11и 323,5 млн сом пайда тапса, 6 компания 243 млн сом чыгашага учураган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media