РКӨФ ЕАЭБде евразиялык өнөр жай аймактарын түзүүнү сунуштайт

РКӨФ ЕАЭБде евразиялык өнөр жай аймактарын түзүүнү сунуштайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков РФнын элчилиги тарабынан ЕАЭБ күнүн утурлай уюштурулган тегерек столдун жүрүшүндө евразиялык өнөр жай аймактарын түзүү демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 11 жыл ичинде өлкөнүн ИДПсы төрт эсеге өсүп, Биримдик өлкөлөрүнөн келген инвестициялар эки эсе көбөйгөн. Ал эми ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттун көлөмү 1,2 млрд долларга жеткен.

Артем Новиков РКӨФтүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдөгү ролун да белгилеп, фонд ушул убакка чейин 3700дөн ашык аймактык долбоорду 1,15 млрд долларга каржылаганын билдирди. Жалпысынан фонддун Кыргызстан экономикасына кошкон салымы 2 млрд долларга жакындаган.

Ошондой эле фонд колдогон компаниялардын былтыркы жалпы кирешеси 172 млрд сомду түзүп, бул Кыргызстандын ИДПсынын дээрлик 10 % барабар болгону айтылды. Мындан тышкары, фонддун колдоосу менен 33 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн.

“Биз ресурстарды өздөштүрүү темпи жана мурда каржылаган көлөмдөр азыркы экономикалык өсүү темпин сактоо үчүн жетишсиз экенин түшүнөбүз. Бул жагынан алганда, биз тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүздүк. 2030-жылга чейин биз Кыргызстандын экономикасына өзүбүздүн жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторунан, анын ичинде Кыргыз Республикасынан тартылган каражаттарды дагы болжол менен 1 миллиард доллар инвестициялайбыз деп ишенем”, - деп белгиледи Артем Новиков.

Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү ички атаандаштыктан биргелешкен өндүрүш долбоорлоруна өтүшү керектигин белгилеп, евразиялык өнөр жай аймактарын түзүү жана бизнес үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media