Ат-Башыда көмүрдү тазалоочу жана байытуучу ишкана ишке кирди

Ат-Башыда көмүрдү тазалоочу жана байытуучу ишкана ишке кирди

Ат-Башы районунда көмүрдү тазалоочу жана байытуучу заманбап фабрика ишке киргизилип, өндүрүш тармагындагы маанилүү долбоорлордун бири катары өз ишин баштады. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күнүнө 3 миң тонна көмүрдү тазалап жана байытууга мүмкүнчүлүгү бар фабрика райондун экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө олуттуу салым кошот. Ошондой эле калкты сапаттуу жана жеткиликтүү көмүр менен камсыз кылууга шарт түзүүдө.

Долбоорду ишке ашырууга жалпы 2 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып, анын натыйжасында 50 жаңы жумуш орду түзүлдү. Фабрикада көмүрдү заманбап технологиялар аркылуу тазалоо жана байытуу иштери жүргүзүлүп, анын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул өндүрүш объектинин ишке кириши Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, көмүр өнөр жайын өнүктүрүүгө жана ички рынокту ата мекендик сапаттуу көмүр менен камсыз кылууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылууда. Райондо инвестициялык долбоорлордун көбөйүшү жаңы жумуш орундарын түзүп, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө болууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media