Коомдук тамактануу жайларда фискалдык программалык камсыздоо көмүскө жүгүртүүнү азайтууда

Коомдук тамактануу жайларда фискалдык программалык камсыздоо көмүскө жүгүртүүнү азайтууда

2026-жылдын март айынан тартып Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагындагы ишканалар менен катар тез татым саткан жайлар да маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула баштаган.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, жаңы системаны колдонуп жаткан мекемелерде оң өзгөрүүлөр байкалууда. Атап айтканда, финансылык операциялардын ачыктыгы жогорулап, эсеп жүргүзүү процесси жөнөкөйлөштүрүлүп, көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү кыскарууда.

Салык кызматы белгилегендей, пилоттук долбоорго катышкан айрым ишкерлер расмий көрсөтүлгөн кирешенин көлөмү бир нече эсеге өскөнүн билдиришкен. Бул өз кезегинде ишканалардын реалдуу жүгүртүүсүн так эсепке алууга жана салыктык эсепти туура жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Мындан тышкары, жаңы система кардарларды тейлөө сапатын жакшыртууга да өбөлгө түзүүдө. Фискалдык программалык камсыздоо аркылуу кардарларга QR-коду бар толук кандуу электрондук чек дароо берилет. Бул сатып алуучуларга төлөм тууралуу маалыматты тез текшерүүгө шарт түзсө, кызматкерлер үчүн кассалык операцияларды жүргүзүүнү жеңилдетет.

Адистердин айтымында, фискалдык программалык камсыздоо заманбап бизнестин маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. Ал салык төлөөчүлөрдүн ички эсепке алуу системасы катары кызмат кылып, салыктык жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө, ошондой эле бизнес-процесстерди автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берет.
💡
Фискалдык программалык камсыздоо – бул салык төлөөчүлөрдүн ички эсепке алуу системасы болуп саналат жана ал салыктык жана бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле бизнес процесстерди автоматташтыруу үчүн колдонулат.

 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media