Кыргызстан менен Беларустун эркин экономикалык аймактары өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен Беларустун эркин экономикалык аймактары өнөктөштүктү кеңейтет

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Форумдун маанилүү жыйынтыктарынын бири катары Кыргыз Республикасынын "Нарын" эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы менен Беларусь Республикасынын "Брест" эркин экономикалык аймагынын администрациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуу инвестицияларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана эркин экономикалык аймактарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу багыттарында өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Тараптар бул документ соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдөөгө, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,