Кыргызстан менен Тунис соода-экономикалык багытта кызматташат

Кыргызстан менен Тунис соода-экономикалык багытта кызматташат

Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана V Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, президенттердин жыйынында 18 маселе каралып, ЕАЭБ алкагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Тунис менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, ошондой эле агрардык кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмин кеңейтүү маселелери талкууланды.

Астанада өткөн V Евразиялык экономикалык форумдун негизги темасы “ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке коюм” болду.

Форумда электрондук соода, санариптик трансформация, транспорт жана логистика, жасалма интеллектти колдонуу жана эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча 30га жакын сессия өттү.

Мындан тышкары окуңуз

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

“Түндүк” ачык акционердик коому жоюлуп, “Кызмат” мекемесине бириктирилди

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ачык акционердик коомун жоюуга байланыштуу жарлыкка кол койду.  Ага ылайык, компаниянын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары “Кызмат” мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Мындай чечим эки уюм аткарып келген окшош иштерди бириктирип, кайталанган функцияларды жоюу жана мамлекеттик санариптик системаларды башкарууну натыйжалуу кылуу максатында кабыл алынганы түшүндүрүлдү. Ошондой

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда. Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча