Кыргызстандын инвестициялык потенциалы Индияда тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык потенциалы Индияда тааныштырылды

Индияда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Соода кеңешинин эл аралык диалогунда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырды.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Индия, Ирак, Түштүк Корея жана башка өнөктөш мамлекеттерден дипломаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, тармактык эксперттер жана ишкерлер катышты.

Диалогдун негизги темасы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода байланыштарын өнүктүрүү жана аймактык туруктуу өсүштү камсыздай турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо болду.

Өз сөзүндө Бектурган Калыбек уулу Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга, ошондой эле транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолду. Мындан сырткары, ал өлкөнүн аймактагы соода байланыштарын чыңдоодогу ролун белгиледи.

Катышуучуларга Кыргызстан Евразиянын негизги транспорттук коридорлорунун кесилишинде жайгашкандыктан, Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү байланыштыруучу борбор катары эл аралык бизнес жана инвесторлор үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык кызматташтыкты күчөтүү, инвестицияларды тартуу жана өз ара соода алакаларын кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media