2026-жылдын үч айында 204 миңден ашуун милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн

2026-жылдын үч айында 204 миңден ашуун милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу боюнча 204 миң 279 келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 3 айда жарандардын мүлкүн камсыздандыруу боюнча 74 миң 285 келишим катталган. Алардын басымдуу бөлүгү кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга туура келип - 74 миң 126 келишим түзүлсө, кыймылдуу мүлк боюнча - 159 келишим катталган.

Ошол эле учурда жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны 129 миң 994кө жеткен. Бул көрсөткүч милдеттүү камсыздандыруунун эң кеңири колдонулган түрү болуп калганын көрсөтөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу багытында эң көп келишим автотранспорт каражаттарынын ээлерине туура келген. Үч ай ичинде транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча 114 миң 124 келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, ташуучулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча 14 миң 174 келишим катталса, кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча 1 миң 96 келишим түзүлгөн.

Статистикалык маалымат көрсөткөндөй, учурда камсыздандыруу кызматтарына болгон суроо-талаптын негизги бөлүгүн кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын камсыздандыруу түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media