Баалуу металлдар департаментин модернизациялоо маселеси каралды

Баалуу металлдар департаментин модернизациялоо маселеси каралды

Финансы министри Руслан Суйналиев Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине иш сапары менен барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда департаменттин директору Алмаз Кадыракунов мекеменин ишмердүүлүгү жана тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, 1991-жылы түзүлгөн баалуу металлдар департаменти өлкөдөгү баалуу металлдар жана асыл таштар тармагын жөнгө салуучу негизги мамлекеттик орган экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл департаменттин ишмердүүлүгүн модернизациялоо маселелерине бурулду. Акыркы жылдары санариптик трансформациялоо боюнча чаралар көрүлүп, ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнгө салынып, башкаруу процесстеринин натыйжалуулугу жогорулатылды.

Ошондой эле Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун иши тууралуу маалымат берилип, фонддун туруктуу толукталып жатканы жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө салым кошуп жатканы белгиленди. Иш сапардын алкагында министр “Зергер өрөөнү” көргөзмөсү, баалуу таштарды кыркуу жана иштетүү цехи, ошондой эле фонддун уникалдуу экспонаттары менен таанышты.

Жолугушууда зергерчилик тармагын өнүктүрүү, жаш адистерди даярдоо жана ведомстволор аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. 

 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media