Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Документ тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын күчөтүүгө багытталган. Анын алкагында электрондук (онлайн) аудитти киргизүү, тобокелдиктерди алдын ала аныктоого багытталган проактивдүү аудитти өнүктүрүү жана аудитордук ишти санариптештирүү сунушталды.

Баяндамачы КРнын Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, долбоорду иштеп чыгууга мамлекеттик финсылык аудитти өркүндөтүү боюнча президенттин жарлыгы негиз болгон. Мыйзам долбоору узакка созулган көчмө текшерүүлөрдүн санын кыскартууну карайт.  

Талкуу маалында депутаттар санариптик аудитти колдошкону менен Эсептөө палатасынын көз карандысыз макамын сактоо, маалыматтардын купуялуулугу, киберкоопсуздук жана электрондук платформалардын ишенимдүүлүгү боюнча бир катар суроолорду козгошту.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун айрым жоболорун кошумча иштеп чыгуу керектиги жүйөө келтирилип, маселе күн тартибинен алынып, кайрадан толуктап жана тактап келүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан